Май айы майрамдарга бай келет эмеспи, ошол майрамдардын бири 9-май жеӊиш күнү өлкөбүздө майрамга карата ар кандай иш чаралар жана согуштун катышуучуларына куттуктоо иштери өтүлүүдө.

«Ошол эле майрам Жерге – Тал айылында кандай белгиленет?» ушул суроо боюнча айылыбыздын айыл өкмөтү Шекер Жумабекованын айтымында Жерге – Тал округунда жалгыз ардагер Азык Өмүралиев атага барып майрамдык маанай тартуулашкандыгын айтты:
«Жерге – Тал айылында ушул улуу ата мекендик согуштун 72жылдыгына карата иш чаралар бир аз кечигип атат бирок бизде бир эле ардагерибиз бар, ал эми район боюнча 3 ардагер калды. Ошолордун бири Жалгыз – Терек айылында жашайт. Ал Азык Өмүралиев атага барып чакан белегибизди анан 5миӊ сом сыйлыгыбызды берип келдик. Андан сырткары бизде дагы тылда эмгектенгендер бар. Экөө Кызыл – Жылыдыз айылынан, бирөө биздин айылдык Кийизбай Тыныстанов атабыз. Ошол эки апабызга Кызыл – Жылдыз айылына барып куттуктап, акчалай сыйлыктарыбызды берип келдик. Андан сырткары мурунку 70жылдыкта деп атайын жүрүш өтүп, георгиевская лентанын атайын акциясын өткөрүп, бекер таратып анан парад өттүк эле. Бирок бул чоӊ иш чара анын үстүнө жаан-чачын да болуп калды бир чети ушул парад кылып өтөлү, үч айылды чакыралы мектептер, бала бакчалар өтсө дедик эле бирок бир топ каражат талап кылат экен ошондуктан бул жүрүштү быйыл өтө албай калдык.»

Согуш ардагери Азык Өмүралиев атанын кызы Сейилкан Чодуеванын сөзү төмөндөгүдөй:
«9-май жакшы майрам. Биз дайыма 9-май күнү Жалгыз-Терекке барып атыбызды куттуктайбыз. Атам азыр 97жашка чыкты. Быйыл да барып майрамдап келдик, атам азыр жакшы. Ошол жеӊишке жетебиз деп болгон жерге барып жарадар да болуп келди, андан кийин багуусу жакшы болуп ушуга чейин жашап келе жатат.»
Ал эми окуучу Мээрим Жумабекованын айтымында 9- май ал үчүн эн маанилүү майрам:
«9-май мен үчүн эӊ жакшы майрамдардын бири десем болот анткени, биздин аталарыбыз азыркы жашоону белек кылган. Биз жыл сайын 9-майы чыдамсыздык менен жакшы маанайда тосуп алышыбыз керек деп ойлойм»
Жогоруда айтылгандай азыркы учурда согуштун ардагерлерине жакшы көӊүл бурулууда. Мындан ары да 9-май майрамы унутулгус жана улуу майрам болуп биздин эсибизде калат.
Даярдагандар: Мээрим Жумабекова, Гүлипа Амангелдиева, Элиза Темирбекова.