Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согушка карата чакан иш-чара уюштурулду.

Эң алгач окуучулар жана мугалимдер тарабынан жөө жүрүш уюштурулду. Андан кийин айылдагы согуштун катышуучусу Аскарбек Орозакунов атындагы сейил багындагы эстеликке гүл чамбар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, согушта курман болгон аталарга куран окулду.


Аралбаев атындагы орто мектебинин мугалими Бекмырза Калдарбековго кайрылып, иш чара тууралуу төмөндөгүдөй жооп ала алдык.
“Биз бүгүн мектебибизде жеңиштин 72 жылдыгын белгиледик. Алгач окуучулар жана мугалимдер менен параддын деңгээлинде кылып, сейил бакка эскерүү кылдык. Ал эми бул иш-чараны кичинекей балдарга, биз курактууларга, бизден кийинкилерге согуш болгонун, ал согушта аталарыбыздын эмгеги зор экендигин билдирүү максатында уюштурдук”, — деп билдирди Калдарбеков.

Андан кийин окуучулардын күчү менен даярдалган салтанаттуу линейка болуп өттү.

Бул линейкада окуучулар 1941-жылдан 1945-жылга чейинки окуяларды чагылдырып беришти. Бул линейка орус тилинде өттү. Иш-чарага катышкан окуучуларда патриоттук сезим ойгонуп, Ата Мекенди коргоого өзүлөрүн даярдоого мүмкүнчүлүк алгандай болушту.
«Согуш жылдарындагы ырлар бизди дагы өтө толкундантып койду. Мындан ары жер шарында согуш эч качан болбосун, ылайым тынчтык болуп, балдарыбыз тынчтыктын ырын ырдап жүрө беришсин», — деди мектептин орус тил сабагынан мугалими Жаркын Кабыкеева.
Ал эми окуучулардын бири Альбина Болот кызы иш-чара аркылуу өткөн окуялар тууралуу маалымат ала алганын айтып өттү.
“Мурда согуш кандай болгонун, элибиз кандай кыйынчылыктарды көргөнүн эсибизге салды. Ал эми мен бул иш-чаралардан өзүмө көп тарбиялык маанини ала алдым жана согушта курман болгон аталарыбызды эч качан унутпай эсибизге сактап, жүрөгүбүзгө туюп жүрүшүбүз керек экендигин түшүндүм”, — деди ал.

Куланак айылындагы согуш ардагерлеринин көздөрү өтүп кеткен. Тылда иштеген ардагерлердин катары болсо суюлууда.
Алардын эмгегин эч качан унутпайбыз. Анткени алар бизге дал ушул жашоону тартуулашкан. Алардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.
Автор: Эркинай Барыктабасова