Барскоон айылында орто мектептер арасында кыргыз СССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муханбет Алыбаевдин жаркын элесине арналган музыкалык сынак болуп өттү. Конкурстун негизги максаты — маданият тармагына көңүл буруу.


Музыкалык конкурстун уюштуруучусу Доктурбек Алыбаев иш-чара туралу мындай билдирди:




«Бул конкурстун максаты деген биздин айылда деген спорт жагы менен көп алек болуп келе жатышат. Элдин баары тең спортко таянып жатышат. Анан мен атамдын кесиби боюнча маданият тармагында аябай катуу иштеген киши да. «Кубулжу балдар ырлары» деген теманын негизинде ырлар сынагын өткөрүш керек болуп калды. Муну үй-бүлөбүз менен, туугандарыбыз менен кеңешип отуруп ушул темага токтодук. Конкурс быйыл эки мектептин ортосунда болду. Эмки жылы кошуна айылдарга, мектептерге, район деңгээлинде чыксак деген ниет бар. Айылыбыздын жакшы адамдарын тааный билүү, мекенчиликке тарбиялоо андан сырткары айылда кандай жакшы адамдар болсо ошолордун негизинде тарбияны берүү деген милдет бар. Эми белектер жупуну деп деле айта албайм, бирок жакшы эле болду болуш керек. Себеп дегенде акчалай, диплом , громаталарды бердик. Мунун баары тең өзүбүздүн каржылообуз менен болду. Белектер туура эле болду деп ойлойм».
Калыстар тобунун жетекчиси Нават Белекбаева катышуучулары сахнада өзүн өзү алып журүсү артистик чеберчилигине карап бааладык дейт:


« Эми окуучулар даярдыгына жараша жакшы даярдангандар жакшы ырдашты, начар даярдангандар жаман ырдашты. Бирок көпчүлүгү аракет кылышты жакшы ырдоого. Биринчи болуп аткандыктан кичине-кичине жетишпестиктер болду. Бирок эмки жылы даярданса болот. Эки смен окуучулары экиге бөлүнүп 5,6,7,8 эртең менен түштөн кийин 9,10,11- класстар катышты. Патриоттук, ата-мекен жөнүндө согуштук ырлары, эне жөнүндө ырларды ырдашты. Эң мыкты жеңүүчүнү ошол жерден жюрилер чогу көрүп балдарды сыноо менен тандап алдык».
Конкурстун жеңүүчүсү Анвар Эрмеков патриоттук жанрдагы ыр аткарып биринчи оорунга ээ ээ болгон. Атаандаштары туралуу мындай деди:

« Мен негизи конкурска Ашыраалы Айтиевдин Кыргызстан аттуу ыры менен чыккам. Менин оюумча жогорку деңгээлде өттү деп ойлойм. Анткени көп таланттуу балдар бар экен. Мына ошолордун арасынан мени тандап алды. Мурда клубда ар кандай концерттерде ырдап жүрчүбүз. Анан томада байке бар болчу, ошону менен да Караколго барганбыз. Алдыга көптөгөн максаттарды койгонбуз».
Уюуштуруучу Догдурбек Алыбаевтин айтымында бул конкурсту райондук жана областык деңгээлге чыгаруу пландалууда.
Сюжетти даярдаган : Нуртегин Кусейинов, Алтынбек Эминказиев