Койлорду купкага кралин эритмесине салып дарылоо — малдын ден соолугун сактоодо эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Бул ыкма ар кандай жугуштуу жана териге байланыштуу оорулардын, анын ичинде котур жана бит сыяктуу мите оорулардын алдын алууга жардам берет.

Айыл тургуну, 10-класстын окуучусу Ыйман Шакирбековдун айтымында, Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу атайын купка бар:
“Бизге Бугучудагы купка жакын болгондуктан, койлорду ошол жакка айдап барып салууну туура көрдүк. Бир кой үчүн төлөм 20 сомду түзөт,” — дейт ал.

Албетте, койлорду үй шартында да дарылоого болот. Бирок бул үчүн сууну жылытып, дарыны туура өлчөмдө кошуп, аны улам жаңыртып туруу зарыл. Мындан тышкары, койду көтөрүп сууга салуу үчүн кошумча жумушчу күч талап кылынат.

Ал эми купкага айдап баруу кыйла жеңил. Койлор кенен сууга толук түшүп, сапаттуу дарыланат. Бул ыкма мал ээлерине ыңгайлуу болуп, убакытты жана күчтү үнөмдөөгө шарт түзөт.
Даярдаган: Илима Жумабаева.