Кочкор районунда коррупциянын зыяны жана анын алдын алуу жолдору тууралуу атайын видео контент даярдалды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын алкагында ишке ашырылды.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2026-жылдын 12-мартындагы №12-Т буйругу менен бекитилген 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу максатында Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жасалма интеллекттин жардамы менен маалыматтык видео ролик иштелип чыкты.
Аталган видео контент жергиликтүү калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коррупциянын терс кесепеттери тууралуу маалымдуулугун арттырууга жана аны алдын алууга багытталган.
Төмөндө видеону көрө аласыз:
Канайым Мирланова