Кочкор районунда коррупциянын зыяны жана анын алдын алуу жолдору тууралуу атайын видео контент даярдалды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын алкагында ишке ашырылды.
Кочкор айылында 6-декабрь күнү «Чолпон» кинотеатрынын чоң залында Кочкор районунун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын катышуусунда «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» аттуу райондук иш чара- өттү.