Кочкор айылында 6-декабрь күнү «Чолпон» кинотеатрынын чоң залында Кочкор районунун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын катышуусунда «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» аттуу райондук иш чара- өттү.
Кыргыз Республикасында 2023-2024-окуу жылына карата окуучулар жана балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча өз ара кызматташуу иш чараларын өркүндөтүү боюнча Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Бермет Абдырахманова иш-чаранын максаттары менен тааныштырды. Кочкор районунун прокурору М. Осмонов жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Турсуналиев «Эл аралык коррупцияга каршы күнү» жөнүндө маалымат беришти.
Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматери Н. Керимкулов мектеп чөйрөсүндөгү балдар арасында кодулоо, басмырлоо боюнча окуучулар менен маалымат бөлүштү. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ага инспектору А. Жолдош уулу катышып Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр арасында укук бузуулар жөнүндө ченемдик-укуктук актылар менен мектептердин парламент мүчөлөрүн тааныштырып кетти.
Иш-чарада окуучуларга ар кандай социалдык роликтер көрсөтүлдү. Андан тышкары райондогу мектептердеги «Антибуллинг программасынын» алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун анализи көрсөтүлдү.
Ошону менен бирге окуучуларга Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы А.Узакова Кочкор районундагы өспүрүмдөр арасындагы укук буузулар боюнча маалымат берди.
Жыйынтыгында окуучулар суроо берип, жооп алышты, сунуштар жана пикир алмашуу болду.
Канайым Мирланова, Мадина Жокенова, Асема Молдошева