Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкананын балдар бөлүмүндө Эл аралык балдар китебинин күнү белгиленип, иш чара өткөрүлдү.
Анда балдар жомок дүйнөсүнө саякат жасашып, чыгармалардагы каармандар менен таанышты. Ошондой эле ар түрдүү оюндарга, викториналарга катышты.
Эл аралык китеп күнү маалымата караганда райондогу бардык айылдык китепканаларда уюштурулду.

Балдар китебинин күнүнө арналган иш чаралар жаш окурмандарды китеп окууга кызыктыруу, алардын ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Бул күнү балдар жомоктор дүйнөсүнө саякат жасап, китеп каармандары менен таанышып, ар түрдүү оюндарга жана викториналарга активдүү катышышты.
Барчын Мамытбекова