Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Альбина Рахманбердиева айылда спорт менен машыккан айымдардын бири. Ал 2011-жылдан бери көл күрөш боюнча мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багынтып келет.
Спортчу айымдын айтымында ал кол күрөш боюнча 2011-жылы 1-жолу мелдешке катышып 1-орунду алып алтын медаль утуп ошондон бери спортко болгон кызыгуусу дагы да күчөгөн:
“Менин бул спорттогу жетишкендиктерге ээ болгонума эң биринчиден үй- бүлөм мага ар дайым колдоо көрсөтүп турат. Кудайга шүгүр жолдошум жакшы түшүнүктүү мени колдоп коштоп, кээ бир учурларда мелдештерге мени менен кошо барат. Менин өзүмдүн үй бүлөм ата-энем, бир туугандарым өздөрү спортчу адамдар ошолордун демилгеси менен колдоосу менен спортко кызыгып калганмын жана чоң ийгиликтерди багындырып жатам десем болот. Менин апам өзү кол күрөшкө барып жүргөн спортчу аял апамдын жолун жолдогонума дагы сыймыктанам»- деп билдирди Рахманбердиева.
Кыргызстанда жылына өткөрүлүүчү “Дени сак улут өнүгүп жаткан өлкө” ураанынын астындагы мелдешке 7 жолу катышып 7 жолу тең алтын медаль утуп алган. Андан сырткары көптөгөн баалу сыйлыктардын жана алтын, күмүш, коло медалдардын ээси болгон.
Кол күрөштөн сырткары “Ош”, “Борбор курулуш” деген командаларда воллейбол ойнойт.
Быйыл Таш Көмүрдө өткөрүлгөн мелдеште сол кол боюнча 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду. Өзү менен кошо 2 мектеп окуучусун ала барып, алар да жакшы орундарга жетишишти.
Альбина Рахманбердиева азыркы учурда эгиз кыздардын жана эки уулдун бактылуу энеси. Спортчуга үй-бүлөсү ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рахманбердиеванын жолдошу Нургазы Мадаев: «Келинчегимдин ийгилиги бул менин да ийгилигим. Келинчегиме ар тараптан колдоо көрсөтүп турам. Спорттогу кайсы мелдештер болбосун барып катышып келет мен өзүм да кээ бир учурда алып барып алып келип турам. Бул ийгиликтерге жетишине каршылык көрсөтпөйм, балдарым да апасын колдоп барып катышып келиң деп турушат. Альбина жеңишке жетсе баарыбыз аябай сүйүнөбүз дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырып жүрө берсин»- дейт.
Альбина Рахманбердиеванын атасы Маматкасым Рахманбердиев: Биздин үй бүлөбүздө спортчулар жашайт мен өзүм волейбол баскетбол боюнча эң жакшы ойноочумун, элдерге айылдын эң мыкты улакчысы катары таанылып келем десем болот, балдарым баардыгы спорттун чеберлери кызым Альбина өзү жалгыз кыз 5 эркек уулдарым бар ошолор менен чоңоюп кызымдын пейили мүнөзү дагы эркек мүнөз болуп калган оор басырыктуу көп нерселерди көңүлүнө ала бербейт ачык мүнөз, кең пейил кыз.
Кызымдын ийгиликтери менен бизди ар дайым кубантып келет, мен өзүм да кызыма спорт боюнча көп жардам берем, колдоо көрсөтөм мелдештерге кошо барам бара албай калган учурларымда кызыма дуба кылып жакшы жаңылык күтүп отурам. Кызым биздин жолубузду жолдоп жашоосунда спорт менен алектенип келгени бизди кубандырат»- деп билдирди.
Айжибек Алижанова
Аймончок Кожонова