Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай, Карл Маркс айылдарындагы тейлөөчү мекемелер тургундарга маалымат беришти.
2020-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эркулов, айыл аймагына тартылган инвестиция жана аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Бакдөөлөт Бобукеев жергиликтүү тургундарга жыл ичинде аткарылган иштердин маалыматын берди.
Атай Биримдик муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбай Шамыркан уулунун, Үрөн чарбасынын жетекчиси Эрнис Нурманбетовдун жүргүзгөн иштери тууралуу жылдык отчетторун беришти.
Анара Мааметова