Коронавирус менен ооругандан кийин өнөкөт оорулары бар адамдардын ден- соолугуна терс таасири тйип жаткандыгын Жал айылдык оорукананын дарыгери билдирди.
Рахат Эркинбекова — дарыгер
«Мен «Жал» үй- бүлөлүк поликлиникасында дарыгер болуп иштейм. Азыркы кырдаалда өнөкөт оорулары бар адамдардын ден- соолугуна коронавирус абдан терс таасирин тийгизди. Өнөкөт оорусу бар адам илдетти жугузуп алган учур болсо, ошол ооруган жерин күчөтүп оорусун козгойт. Интернетте ар түрдүү ойлор айтылууда. Ага карабастан дарыгер катары сунуш айтам. Өнөкөт оорусу бар жарандар өзүнүн ден- соолугуна кам көрүүдө- биринчиден көп эл чогулган жерге барбоосун, ар дайым бет кап кийүүнү. Эң негизгиси бул илдеттен арылуу жолу- вакцинация. Ошол эле учурда өзүнүн ден- соолугуна кам көрүп өнөкөт оорусу бар болгондор эмдөө алуулары жакшы»,- деди ал.
Ниязалиева Айтолкун — ардагер мугалим
«Коронавирус оорусу чындыгында азыркы мезгилде бүт элдин тынчын алган илдет болуп жатат. Бул капысынан келген оору жалпы дүйнө элин тынчсыздандырууда. Коронавирус оорусу болгондо адамда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп, тез эле чарчап, өзүңдү алсыз сезесиң. Тердейсиң башың ооруйт, алың кетет экен. Албетте, өнөкөт оорусу бар адамдарга, башкача айтканда эски оорулары барларга абан терс таасирин тийгизип, оорусун күчөтүп, ден- соолугун начарлатып жиберет. Бул оору менен күрөшүү учүн сабаттуу болушубуз керек. Врачтардын айтканын аткарып, таза абада өпкө көнүгүүлөрүн жазап, өзүңдүн жакын адамдарыңды сактоодо эрежелерди унутпайлык. Жалпыбыз эрежелерди, талапты тартип менен колдонсок, мен ойлойм — бул ооруну жеңебиз. Ар бирибиз ден- соолукту чыңдоого аракет кылуубуз зарыл!»- деп өз оюн билдирди.
Ууржан Молдокулов