Орок айыл аймагындагы айылдарда өтүлүүчү маданий иш- чараларга COVID-19 түздөн-түз таасир берүүдө. Айыл аймакта өтүлө турган спорттук жана маданий иш-чаралар чектөөгө алынып, эрежелерди сактоо талабы менен өтүлүп келет.
Джубасов Жумгалбек — Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
«Коронавирус илдети жок болгон мезгилде айыл тургундарына атайын план боюнча маданий иш- чараларды уюштурулчу. Мисалы 1- Май, Жеңиш майрамы, Нооруз. Майрамдарды бир айылдын жашоочулары башка айылдын тургундары менен учурашып турушчу. Өзгөчө аксакалдарыбыз баарлашып көңүлдөрү көтөрүлчү. COVID- 19 илдетине карата айылдарыбыздын элине оюн- зоок иш- чаралары өткөрүлгөн жок. Анткени, элибиздин ден- соолугуна кам көрүү максатында. Айылдарда өтүлүүчү маданий иш- чараларды СOVID- 19 терс таасирин тийгизүүдө»,- деп өз оюн билдирди.
Жакшылыкова Зуура -Төмөнкү Орок айылынын тургуну
«Биздин Орок айыл өкмөтүндө экономист- статист болуп иштейм. Санитардык эрежелерди бузбаш үчүн айылдарыбызда мурункудай элди чогултуп маданий иш- чаралар өкөрүлгөн жок. Эл көп чогулган жерде илдет тарап кетет деген маалыматыбыз бар. Менин оюмча, бул талаптарды сактоо да, айылыбыздын элинин ден-соолугунун чың болушуна кам көрүү деп ойлойм.»- деп айтып кетти.
Исмаилов Айбек- активист
«Орок айыл өкмөтүңдө спорт комитети боюнча иштейм. Коронавирус оорусу айылдарда маданий иш- чаралардын өтүлүшүнө терс таасирин тийгизүүдө . Айыл жаштарынын арасында таза абада өтүүлүүчү салтка айланып калган футбол оюну боюнча турнирлерди өткөрүүдөбүз. Айыл тургундарына спорт менен машыгууларын каалайм, себеби ден- соолуктун бекем болушуна пайдалуу»,- деп айтты.
Ууржан Молдокулов