Вирусту жуктуруп, ооруп айыккандардын арасында айыгуу процесси узакка созулуп, реабилитация көп убакытты талап кылынып жаткандыгын бейтаптар көп айтууда.
Бул тууралуу Кочкор айылынын тургундары да ой бөлүшүп кетишти.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышы июнь айынан тарта кеңири башталган. Дарыгерлер буга чейин ооруп айыккандардын саламаттыгы кандай болору, аларды реабилитациялоо тартиби тууралуу жетиштүү маалымат топтой албай келишкен.
Азыркы учурда медицина кызматкерлери реабилитация боюнча 5- протоколдун негизинде жакшы жыйынтыкка келишти. Кочкор айылынын ҮДТ терапевт дарыгери Канымгүл Иманалиева өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү:
«Коронавирус оорусуна чалдыккан адамдар, көпкө чейин алсырап, иммунитети төмөндөп, бат-бат тердеп, тамакка табити тартпай калат. Анын себеби бейтап күчтүү дарыларды колдонуусу. Дарылануу курсу бүтөрү менен күчтүү тамактануу керек, аз өлчөмдө, бирок тез-тез. Дем алуучу көнүгүүлөрдү жасоо, жатканда көмкөрөсүнөн же кыры менен, көп кыймылдап, таза абада сейилдөө, витаминдерди колдонуу кеңешти берет элем. Рационго көк пияз, сарымсак, петрушка кошуп тамактануу керек, лимондун ширесин ысык сууга кошуп ичүү сунушталат. Эң негизгиси ооругандан кийин сасык тумоодон сактануу керек.
Ошондуктан беткап кийип, көп элдер чогулган жерлерге барбай, тазалыкты сактоо эрежелерин унутпаңыздар. Кыш мезгилинде сейилдөөгө мүмкүнчүлүк жок болсо, бөлмөнү желдетип туруңуз. Дарыгердин көзөмөлүндө болууга жана тыгыз байланышта болушу керек, туура дары- дармектерди колдонуу керек, анткени ооругандан кийин өнөкөт оорулары козголуп адамдар өз алдынча дарыланууга өтүшөт жана организмге оор сокку келтиришет. Эгерде оорудан кийин коркуу сезимдери пайда болсо, сөзсүз дарыгерге кайрылып, кеңешин угуп тынчтандыруучу дарыларды ичүүнү сунуштайм.»
Коронавирус менен ооруган адам, бир топко чейин кыйналып, ар кандай ооруларды козгой турганын айтышууда, өзүнүн оорудан кийинки реабилитациялоо боюнча Кочкор айылынын тургуну Карачач Чолпонкулова айтып берди:
«Июнь айынын башында вирусту жуктуруп алдым, катуу ооруп дене табым көтөрүлүп, грипп болуп жатам го деп ойлоп койдум, парацетомол дарысын ичсем деле дене табым 38-40 болуп туруп алды. Өзүмдү начар сезгенимде «Тез жардам» бригадасын чакырганга аргасыз болдум. Медкызматкерлер келип кан басымымды текшерип, тез арада күндүзгү стационарга алып кетишти, рентгенге тартып диагнозду (пневмония)деп табышты.
Өзүмдү начар сезгендиктен, көп нерсени түшүнбөй жаттым. Тамчылатма менен кошо күчтүү антибиотик колдонушту. 3 күндөн кийин өзүмө келип, жакшы болуп калдым. Бир жумадай стационарда дарылануу курсун алдым. Баш — аягы 20 күн дегенде араң айыктым. Ооруп жаткан кезде тамакка табитим тартпайт,алсырап калдым. Үйгө чыгып келгенде шорпо ичип тамактануу режимин колго алдым. Рационго жер — жемиштерди, бал, сары майды коштум. Жарым жыл өткөндөн кийин кайра грипп оорусуна чалдыктым жана ар кандай ооруларга туруштук бере албай калдым. Ооруп калганда жашоо бүткөндөй болуп, катуу стресске кабылдым. Азыркы учурга чейин коркуу сезими кала элек. Бирок ооруган кезде балдарымдын камкордугун, колдоосун байкап тез айыгып кеткениме себеп болду деп ойлойм.»
Нурия Карымбаева