2021- жылдын 28- ноябрында КРнын Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоосу өтөт. Алдыда өткөрүлө турган шайлоого Кочкор айылынын айрым шайлоо участкалардын санитардык абалы менен тааныштык.
4134 шайлоо тилкесинде санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана абал боюнча шайлоо комиссиясынын оператору Динара Бейшенбаева көрсөтүп берди:
Шайлоочулардын тизмесин текшерүү учуру.
Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга түзүлгөн шарттар
4133 шайлоо тилкесинин төрайымы Лира Астраханова санитардык абалы боюнча тааныштыруу иштерин өткөрдү:
Шайлоого даярдыктар жүрүп жатат.
Шайлоо тилкелеринде Ковид-19 оорусуна каршы антисептиктер, хлор эритмеси, беткап, жуунуучу каражаттары менен камсыздалып, колдонушууда. Шайлоо комиссиянын мүчөлөрү график боюнча иш алпарып жатышат. Шайлоочулардан беткап менен келүүнү жана аралыкты сактоону талап кылууда.
Нурия Карымбаева