Жергиликтүү кеңешке шайлоолорду өткөрүү боюнча райондук штабдын кезектеги отуруму өтүп, анда АШКнын төрагасы Белек Байышбеков айрым тилкелердеги кемчиликтерди жоюу керектигин маалымдады. Штаб башчысы Улан Жылтыров шайлоого даярдыктар календарлык план менен көрүлүп жатканын айтып, тилкелер жайгашкан мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына жылуулукту камсыздоону тапшырды.
“11-ноябрдан баштап тесттик режим жүрөт. Тактап айтканда, аппараттар текшерүүдөн өткөрүлөт. Баетовдогу 4 шайлоо тилкесинде шайлоонун жүрүшү түз аркылуу көрсөтүлөт. Ал эми калган бардык тилкелерде аудио, видео жазуу жүргүзүлөт” — деди У.Жылтыров.
Ошондой эле шайлоо тилкелеринде медицина кызматкерлер, жарыкты камсыздоочу адистер, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринен нөөмөткерлерди дайындоону тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттендирди. Ал эми техникалык аппараттар тилкелерге коюлгандан тартып, ички иштер бөлүмүнөн дагы күзөт уюштуруларын кошумчалады.
АШКнын төрагасы Белек Байышбеков УШК төрагалары окуудан өткөндүгүн билдирди.
“Бардыгы толугу менен окуудан өттү. Жакында техникалык топту окутуу болот. Ал үчүн жергиликтүү программисттерди тандап алдык. Учурда 48 АСУ (автоматтык эсептөө урнасы), 42 идентификациялоочу аппарат келди” деди.
Барчын Мамытбекова