Кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууда кошумча билим берүү педагогдорунун усулдук компетенцияларын жакшыртуу, мыкты усулдук кейстерин аныктоо, кесипкөй педагогикалык командаларды өстүрүү, долбоордук жана усулдук ишмердигин активдештирүү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында кошумча билим берүүнүн программалык-усулдук иштелмелеринин “Усулдук кейс” онлайн-сынагы 2024-жылдын 4-ноябрында Баткен облусунда кошумча билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдеринин катышуусунда өткөрүлдү. Сынактын жобосуна ылайык 1-2-орунду камсыздагандар республикалык турга жолдомо алышты.
Сынактын жүрүшүн мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин Баткен облустук координатору Түркбаева Нургул Эгемназаровна жетектеди.
Сынактын Баткен облусттук турунда 6 кошумча билим берүү уюмдарынын педагогдору көркөм жана социалдык-педагогикалык 11 багыт боюнча ат салышты. Онлайн сынак meet тиркемеси аркылуу жогорку уюшкандыкта болуп өттү. Сынакка 6 мугалим катышып, алар тандап алган багыты боюнча усулдук кейстерин жактап беришти. Үч эксперт баа берип, калыстык кылышты. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаардык “Акыл-казына” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун “Көркөм кол өнөрчүлүк” ийриминин мугалими Абдукадырова Бермет Миталиповна, Кадамжай райондук “Билим ордо” билим берүү, чыгармачылык борборунун бий ийриминин мугалими Акжолова Зарипа Шергазиевна, Сүлүктү шаардык балдар чыгармачылык борборунун “Манас таануу” ийриминин мугалими Разыкова Жылдызай Абдинабиевналар жигердүү катышты.
Ал эми байгелүү 3-орунду Баткен райондук балдар чыгармачылык үйүнүн англис тили ийриминин мугалими Маллаева Жылдыз Алимбаевна ээледи. 2-орунга Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун англис тили ийриминин мугалими Халбутаева Сохиба Якубжановна жетише алды. 1-орунду Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин базасындагы “Оратордук искусство” ийриминин мугалими Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович камсыздады.
Сынактын жобосуна ылайык 1-2-орунду камсыздаган Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович менен Халбутаева Сохиба Якубжановналар республикалык туруна жолдомо алышты.
Республикалык тур 2024-жылдын 22-ноябрында маалыматтык-усулдук, эксперттик, уюштуруучулук-техникалык коштоочу “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун базасында өткөрүлөт.