Токтогул шаарына караштуу Кара-Суу айылынын Орто-Кашат участогундагы, Киров көчөсүн кенейтүү, грейдирлөө иштери бүткөрүлдү.
Жергиликтүү тургундарга шарттарды түзүп берүү, инфраструктура абалын жогорулатууга болгон иш-аракеттер аткаруу бийлиги тарабынан улантылууда. Шаар карамагындагы маселе жараткан участоктордо жолдорду кеңейтүү, электр түйүндөрүн жаңылоо, шагылдоо жана мүмкүнчүлүккө жараша башка элдин көйгөйлөрүн чечүүгө арналган иш чаралар жыйынтыгын берүүдө.
«Бүгүнкү күндө Кара-Суу айылынын Орто-Кашат участогундагы, Киров көчөсүн шагылдоо-грейдирлөө иштери аягына чыкты. Иш чара алкагыңда aviator dreamliner жергиликтүү тургундардын, жер участоктору айылдын генералдык планына ылайык жылдырылса, жолдо тоскоолдук жараткан электр мамычалары жаңы орундарга ылайыкташып жылдырылды. Жол боюнда өскөн бак дарактар толук тазаланып, толтуруу зарылдыгы бар участоктор толтурулуп калыбына келтирилди. Иш чаранын жыйынтыгында Киров көчөсүнүн дээрлик бир чакырымдан ашуун жери толук калыбына келтирилип, унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү деп билдирди» Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова.