17-ноябрда өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Буга байланыштуу Ак-Талаа районунда райондук штаб түзүлүп, уюштуруу иштери жүрүүдө. Тактап айтканда шайлоо округдар, мандаттар такталып, талапкерлердин документтери кабыл алынып жатат.
Аталган райондук штаб биринчи отурумун өткөрүп, анда шайлоону үзгүлтүккө учуратпай өткөрүү үчүн талапка ылайык шарттарды түзүү, тилкелердеги муктаждыктарды чечүү (электр жарыгы, бөлмө, эмеректер), күтүүсүз жагдайларды алдын алуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо өңдүү маселелер каралды.
Шайлоо тилкелериндеги айрым маселелерди чечүү тиешелүү кызматтарга тапшырылды
Акимдин биринчи орун басары, штабдын төрагасы Улан Жылтыров аймактарды ирилештирүүдөн кийинки шайлоо округдары жана мандаттар тууралуу маалымат берди:
“АТРге чейин аймакта 13 айылдык кеңеш, 20 шайлоо округу бар болчу. Азыр 4 айылдык кеңеш жана 18 шайлоо округу бар. Мандаттын саны реформага чейин район боюнча 153, азыр 74. Мунун ичинен 30 мандат аялдарга бөлүнгөн. Мындан сырткары быйылкы шайлоодо бир катар артыкчылыктар бар”-эендигин кошумчалап өттү.
Ал эми Ак-Талаа райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айрым шайлоо тилкелеринде шарттар толук түзүлбөй жатканын кошумчалады. Штаб төрагасы У. Жылтыров шайлоо учурунда коопсуздукту сактоо, жарандардын саламаттыгы, электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана шайлоо тилкелериндеги маселелерди тез арада чечүүнү тиешелүү кызмат адамдарына жана айыл өкмөт башчыларына тапшырды.
Барчын Мамытбекова