2021-жылдын 28-ноябрында КРнын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участогунун даярдыгы кандай?
Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участогунун комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев, ар бир жаран шайлоого өзүнүн келечеги үчүн келип добуштарын берип кетсе дейт:
“Өзүңүздөр билгендей 2021-жылдын 28-ноябрында КРнын Жогорку кеңешинин депутаттарынын шайлоо өткөрүлөт. Жалпысынан шайлоо 21 партия жана 36 бир мандаттуу адам катышып жатат. Суусамыр айыл аймагы боюнча жалпы 2107 шайлоочу бар. Алдыда өткөрүлө турчу шайлоого, Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участогунун даярдыгы жакшы. Техникалык жабдуулар азырынча жок. Шайлоо жакындаганда бардык техника райондон алынып келинет.
Суусамыр аймагынын тургундарына шайлоо учурунда эпидемиологиялык эрежелерди, аралыкты сактагыла дейм. Ар бир жаран кайдыгер карабай, келечек үчүн добушуңарды бергиле”.
Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурзат Раимбекова шайлоо учурунда ковид-19 вирусуна каршы сактала турган эрежелер тууралуу айтып берди:
“Шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат. Мурун пандемия учурунда өткөрүлгөн шайлоолор дагы ковид-19 вирусуна каршы эрежелер менен коштолгон. Азыркы учурда эл дагы оорунун коркунучу тууралуу билип калышты. Бул шайлоодо дагы жашоочулар эрежелерди сактайт деп ишенем. Шайлоо учурунда комиссиянын мүчөлөрү эшикте туруп көзөмөл жүргүзүп турушат. Шайлоочулардан биз аралыкты сактоону, санитардык эрежелерди толук сактоону талап кылабыз.
Ал эми көчмө урна тууралуу айта турган болсом. Шайлоого ден-соолугуна байланыштуу келе албаган жарандар, Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участогуна келип арыз тапшырат. Жазылган арыздарды БШК карап, арыздын негизинде 27-ноябрь күнү жарандарга көчмө урна жиберилет. Арыз 24-ноябрга чейин кабыл алынат”.
Айдана Токтобекова