Соңку күндөрү Кыргызстанда вирустун жайылышы күчөп, жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Вакцина маселеси дагы деле кабыргасынан турат. Кочкор айылынын жашоочуларын ушул маселе боюнча кепке тарттык. Кочкор районунун тургундары ковид- 19 оорусуна каршы эмдөөлөргө көз карашы менен бөлүштү.
Кочкор айылынын маданий иштери боюнча орун басары Саламат Жумаева
Кочкор айылынын маданий иштери боюнча орун басары Саламат Жумаева өзүнүн жеке ою менен бөлүшүп кетти:
«Вакциналарга албетте ишенем, анткени дүйнөнүн баары баш ийип турган кезде, биз бери жакта туруп башка чечим чыгарганыбыз туура эмес деп ойлойм. Өзүм вакцинага ишенип, эмдөөдөн өттүм, себеби биздин биринчи максатыбыз ковид илдетин жокко чыгаруу жана өзүмдүн үй бүлөмдү, чогуу иштеген кесиптештеримди вакцина алууга тартуу, ошону менен вирусту жок кылууга аракет кылуу үчүн вакцина алдым. Бирок вакцина жөнүндөгү жалган маалыматтарга ишенбегиле деп айтып кетет элем. Негизи вакциналар керектүү экен, дүйнөлүк практиканы карасак биринчилерден болуп медиктер өзүлөрү эмдөөдөн өтүп, коопсуздугун тастыктап,элге сунуштагандан кийин, кантип ишенбейсиң.»
Кочкор районунундагы Туз айылынын тургунуну Улан Мамбеталиев
Кочкор районундагы Туз айылынын тургуну Улан Мамбеталиев өзүнүн жеке ою менен бөлүшүп кетти:
«Вакциналар боюнча ишенимим аз, анткени эки тарабы бар деп ойлойм. Биринчиси дүйнөлүк изилдөөлөрдүн негизинде, ковидге каршы вакцинага ишеним жок, ошондуктан коркуп алгым келбейт. Медиктердин айтканын угуп, кайра ишеним пайда болот. Өзүм эмдөөдөн өткөн жокмун, анткени ушул убакка чейин өзүмдү жакшы сезип жүргөнүмдөн.»
Кочкор айылынын райондук кызматкери Анара Бекчороева
Кочкор айылынын райондук китепкананын кызматкери Анара Бекчороева сурообузга жооп берди:
«Мен вакциналарга ишенем, себеби кичинемден бери вакцинананын түрлөрүн алып келдик, ымыркай балдардын баарына ар кандай ооруларга каршы вакцинанын түрлөрүн колдонушат, ошондуктан биздин организмде иммунитет пайда болот деп ишенем. Өзүм эмдөөдөн өттүм, эгерде ооруп калсам жеңил түрүндө өтөт деп ойлойм. Вакцина албай жаткан адамдарга соцтармактардагы терс маалыматтарга ишенбөө менен эмдөө кылууну сунуштайт элем».
Кочкор айылынын тургуну Тилек Шабданалиев
Кочкор айылынын тургуну Тилек Шабданалиев Ковид-19 оорусуна каршы вакцинага өзүнүн көз карашы менен бөлүшүп кетти:
«Азыркы учурда эл арасында эмдөө өткөрүү боюнча ар кандай карама- каршы пикирлер айтылып жатат, ошондуктан ишенимим болбогондуктан эмдөөдөн баш тарттым. Ар бир адам өзүнүн тандоосу менен вакцина алууга же албоого укуктуу.»
Түмөнбаева Сюита
Максатбек кызы Азиза