«Соӊ-Көл” орто мектебинде 6-11-класстарга кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, психотроптук заттардын зыяндуулугу боюнча лекция уюштурулду.
18-ноябрь күнү “Соӊ-Көл” орто мектебинде 6-11-класстар үчүн чогулуш болуп, милициянын ага лейтенанты Айбек Кыдыралиев менен милициянын капитаны Аязбек Шаршенбековдор катышты:
«Чогулуштун максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо. Аны менен катар мектепте рэкетчиликке жол бербөө. Алгач класстарга кирип окуучулар менен маектешип, көйгөйлөрдү сурадык. Мектепте чынында эле одоно тартип бузуп, атайын каттоодо турган окуучулар жок. Лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», -дейт милициянын ага лейтенанты Айбек Кыдыралиев.
«Азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жол бербөө боюнча профилактикалык иш чаралар жүргүзүлүп келгендигине карабастан, дагы деле терс көрүнүштөр катталып калат. Зордук-зомбулук айрым учурда улуулардан кичүүлөргө, ал гана эмес ата-энелер тарабынан көрсөтүлүп келген учурлар болот. Мындай көйгөйлөр болсо жеринен мектеп менен биргеликте иш алып баруудабыз.
Бүгүнкү күндө мектеп рэкетчилиги дагы чоң маселе болууда, мындан чыга албай жаткан мектептер да бар. Мындай көрүнүштөрду болтурбоо максатында бүгүн биз да түшүндүрүү иштерин кылып үч темада лекция окудук. Алар кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, психотроптук заттардын зыяндуулугу. Бул лекция менен катар телефондун зыяндуулугу боюнча да бир аз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Район боюнча көп мектеп менен иштегендиктен атайын одоно тартип бузуп каттоого түшүп калган окуучулар бул мектепте жок»,- деди Аязбек Шаршенбеков.
Ал эми мектептин эркек балдар менен иш алып барып жаткан мугалими Азамат Райымбек уулу:
«Мектеп бүгүнкү күндө тынч, рэкетчилик кылуу, уруп-сабоо боюнча маселелер катталбайт. Эгер, булар боюнча катталып калса, мектепте алдын алуу кеңешинде карап маселени чечүүгө аракет кылабыз. Сабак учурунда телефон алып келүү боюнча түшудүрүү иштери жүрүп, атайын рейддер болуп турат. Айына кыздарга да, балдарга да чогулуш өткөрүлүп турат», -деди.
Айпери Марлес кызы