Эл арасында кээ бир адамдар медициналык кароодон өтүп, атайын адистер жазган дарыларды пайдаланышса, кээ бирлери өзү-өзүлөрүнө диагноз коюп, элдик медицинаны тандагандар да бар. Коронавирус оорусу күч алган маалда да дарыгерге кайрылышпай элдик медицина аркылуу дарылангандардын саны көп. Бирок, дарыгерлер замандын өнүгүшү менен медицина тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр, өнүүгүлөр болуп жаткандыгын айтып, атайын адистерден гана кеңеш алууну сунушташат.
Элдик медицина же салттуу медицина заманбап медицина дооруна чейин ар кандай коомдордо муундан-муунга өтүп, өнүгүп келе жаткан салттуу билимдердин медициналык жагын камтыйт. Пандемия күч алгандан тартып эл арасында элдик медицинаны да пайдалангандар көбөйгөн. Мунун бирден бир себеби, ооруну алдын алуу максатын көздөгөн.
Мисалы, имбирь, бал жана лимон кошулмасын дайыма колдонуу, сарымсак кошулган кайнак суу ичүү, иммундук системаны бекемдөөчү чөптөрдү ичүү ж.б. Бирок мунун баары эле адамдын ден соолугуна жага бербейт. Кээ бирлеринде цитрус өсүмдүктөрүнө, чөптөргө аллергия болушу мүмкүн, кээ бирлеринде сарымсак ашказанына зыян келтириши мүмкүн.
Мындай учурда адам өзүн-өзү билип салттуу медицинаны колдонуусу тескерисинче өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн. Андыктан мындай дары чөптөрдү, өсүмдүктөрдү пайдаланууда бир аз сак болуңуз.
Чүмөдөева Бурулкан апа
Бурулкан апа көп жылдан бери салттуу медицинаны дайыма колдонуп келген. Сасык тумоо күч алган маалда үйлөрдү арча, шыбак менен аластап, вирустук инфекциянын алдын алуунун жолдорунун бири катары колдонгон. Арча, адырашман, шыбак, эрмен сыяктуу чөптөрдө вирустарды өлтүрүүчү күчтүү касиеттери бар жана булардан кадимки медициналык дарылар да жасаларын айтты Бурулкан апа.
Жыпара Исалиева жолдошу менен
«Мен ар кандай ооруларга каршы химиялык дарыларга караганда дары чөптөрдү көп колдоном. Себеби, булардын химиялык дары-дармектерге салыштырмалуу ден соолукка көп залалы тийбейт. Өзүм айлана-чөйрөбүздө өскөн эле чөптөрдү колдонуп келем. Мисалы, суунун жээгинде өскөн бака жалбырак, эрмен, какым, ит мурун, чычырканак, ромашка менен теңге гүлүн (календула) мындан сырткары бакчабыздагы карагат, малинанын данын жана жалбырактарын пайдаланам. Булардын баары эле суук тийгенде, ар кандай бактериялык ооруларга каршы көп пайдаланылат.
Мен өзүм сарык болуп ооругам. Ошол убакта ромашка менен бака жалбыракты дайыма колдонуп, жакшы болуп кеттим. Ромашканы боорду, өттү тазалоо максатында, ашказан ооруларына каршы чайга кошуп же атайын демдеп алып ичсе аябай жакшы. Мындан сырткары, аялдардын жыныс ооруларына да каршы пайдаланса болот. Келиниме, кыздарыма дайыма ромашка менен теңге гүлүнөн демдеп (настойка) жасап берем.
Пандемия учурунда эрменди көп колдондум. Эрмен вирустук ооруларга каршы пайдаланылып келет. Тамак ооруларында, дем алуу органдарында вирустар болсо, аларды тазалоо максатында колдонсо болот. Эрменди демдеп коюп, ооз көңдөйдү чайкап жана бир аш кашыктан ичип койсо да болот. Жөтөлгө алое да абдан жакшы таасирин берет. Кичине балдарга алоенин ичин алып (мякоть) бир аз кумшекер кошуп, сироп жасап коюп берсе жөтөлүн бат айыктырат»,- дейт Жыпара Исалиева.
Замир Эсенгулов
«Эгерде элдик медицинаны колдонуп жүргөн адам анын чегин билсе, туура эле көз караштамын. Себеби, бул илгертеден калыптанып келе жаткан дарылоонун бир багыты. Элдик медицина дегенде эле биз дары чөптөрдү элестетпешибиз керек. Бул жактын да көп багыттары, түрлөрү бар. Элдик медицина деле кайсы бир деңгээлде өз эффективдүүлүгүн жакшы көрсөтүшү мүмкүн. Бирок, уулу дары чөптөрдү колдонуу өтө эле чоң коркунучтарды жаратат. Анткени аларды чогултуунун, терип алуунун атайын бир өзгөчө белгиленген убактысы болот. Кээ бир адамдар мындай шарттарды билбей калуусу да ыктымал.
Ошондуктан, менин оюмча текшерүүдөн өткөн, атайын адистер тарабынан даярдалган, ошондой эле адамдардын ден соолугуна кам көргөн дарыгерлер гана сунуштаган дарыларды колдонуу эң жогорку көрсөкүчтөрдө турат»,- дейт Замир Эсенгулов.
Акылай Алмазбекова, Акбермет Руслан кызы