Суусамыр айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алды. Ковид-19 илдетине чалдыгып, сасык тумоо болуп калдым деп, үйүнөн дарыланган бейтаптар аз эмес.
Сасык тумоого чалдыккан жаш балдар көп..
-Азыркы учурда сасык тумоо Кыргызстан боюнча каттуу жүрүп жатат. Ушул эле учурда Суусамыр айыл аймагында да бул оору жок эмес. Көбүнчө мектеп жашындагы жаш балдар арасында көп жүрүп жатат. Чоң кишилерде дагы жок эмес.
Ковид-19 вирусуна чалдыгып, сасык тумоо болуп калдым деп ойлошот…
-Көп адамдар ковид-19 вирусуна чалдыгып, сасык тумоо болуп калдым деп оруканага барбай жүрө беришет. Ковид-19 илдетин жугузуп алгандан соң бейтап убагында дарыланбаса пневмония болуп кетүү коркунучу бар. Алсыроо көп убакытка чейин созулуп, дене табы көтөрүлөт. Өзүңүздү жаман сезип оорунун симптомдору байкалса ооруканага кайрылыныз созсүз анализ тапшырыңыз дейт элем.
Ковид-19 жана сасык тумоо илдеттеринин окшош жактары…
-Эки оору тең жугуштуу илдет болуп саналат. Ковид-19 жана сасык тумоо аба аркылу, буюм-тайымдар аркылуу адамдын ичине кирип ооруну козгойт. Эки оорунун адамга жуккандан соң симптомдору бирдей сезилет.
Эки ооруга чалдыккан бейтаптардын айыгуу мөөнөттөрү ар башка…
-Сасык тумоого көбүнчө жаш балдар, кош бойлуу адамдар, кары-картаңдар, өнөкөт оорусу бар адамдар чалдыкса. Ковид-19 вирусу бардык адамдарга бирдей коркунуч жаратууда. Сасык тумоо менен ооруган бейтап, дарыгердин карамагында болсо 3-4 күндө айыгып кетет. Ал эми ковид-19 илдетинен айыгууга көп убакыт керектелет.
Ковид-19 жана сасык тумоодон алдын алуу үчүн вакцина алуу керектелет…
-Учурда өлкө боюнча ковид-19 вируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Суусамыр айыл аймагы дагы эмдөөдөн өтүп жатышат. Аба ырайынын суукташына байланыштуу сасык тумоонун жайылышын алдын алып “грипол плюс” вакцинасын элдер алып жатышат. Бул вакцинаны 3 жаштан баштап ар бир жаран ала алат. Ден соолук комитети Суусамыр айыл аймагынын тургундарына вакцина боюнча кайрылуу жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Айдана Токтобекова