2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги жаратылышты коргоо объектилерин түзүү үчүн пилоттук жергиликтүү коомчулуктарды конкурстук тандоо иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чара микрокоруктарга жана башка жаратылышты коргоо объектилерине айлана турган көбүрөөк маанилүү деп эсептелген жаратылыш аймактарын аныктап чыгуу жана аларды сактап калуу максатында ишке ашырылды.
Иш-чаранын алкагында тандоо комитетинин мүчөлөрүнө конкурска катышып жаткан жаратылыш объектилери менен коомчулуктар жөнүндө кеңири маалымат берилип, ээ болгон маалыматтардын натыйжасында микрокоруктарды уюштуруу каралган маанилүү беш аймак тандалды. Бул аймактар долбоордун көңүл бурула турган объектилерине айланып, долбоор тарабынан аларды өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтүлөт, консультациялык жардамдар берилет, керектүү документтер иштелип чыгат, аймактарды курчоо иштери аткарылат, маалыматтык көрсөткүчтөр жана бул жерлердин коопсуздугун сактоону жана уникалдуу табиятын коргоону камсыздоочу башка каражаттар орнотулат.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Касейинов Кубат Усенкулович ачып берди. Ачылыш сөзүндө министрдин орун басары КР аймактарынын катышуусунда өтүп жаткан гибриддик иш-чаранын, ошондой эле өлкөдө жаңы микрокоруктарды уюштуруу идеясынын жана ЖӨБ органдары үчүн түзүлүп жаткан маалымат порталынын маанисин баса белгилеп өттү: “Министрлигибиз жакынкы 12 айдын ичинде өлкөбүздүн аймагында 5 микрокорукту уюштурууну максат кылган долбоорду колдой турганын билдирем”.
Абдиева Банур Абдиевна, долбоордун жетекчиси:
«Биз өзүбүздү жаратылышты коргоо чөйрөсүндө Атуулдук демилгелер борбору катары позициялайбыз жана көрсөткөн кызматтарыбыздын кеңири спектри менен сыймыктанабыз. Микрокоруктун мисалында биз жергиликтүү коомчулуктун катышуусунун жана чакан гранттардын программасын колдоого алынышынын маанисин баса белгилейбиз. Биз коруктарыбыздын спектринде фауна менен флоранын сейрек түрлөрүн кошкондо, биологиялык ар түрдүүлүктү активдүү колдоп келебиз. Бул процессте аялдардын ролун белгилеп кетүү абдан маанилүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атайы квота менен шайланган аялдар биздин демилгелерибизде негизги роль ойнойт. Алардын катышуусунун жана жергиликтүү бийлик органдарынын финансылык колдоосунун жардамы менен долбоорлорубузду ийгиликтүү жүзөгө ашыра алабыз”.
Иш-чаранын алкагында тандоо комитетине сегиз жаратылыш объектиси жана коомчулук, конкурстун номинанттары боюнча маалымат берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун командасы менен катышуучулар микрокоруктарды уюштуруу үчүн маанилүү деп эсептелген сегиз аймакты тең калтыруу боюнча чечим кабыл алышты. Долбоор бул аймактар менен мындан ары консультациялык жардамдарды берүү, керектүү документтердин тпотомдорун иштеп чыгуу, аймактарды курчоо, маалыматтык көрсөткүчтөрдү ж.б. орнотууга көмөктөшүү аркылуу жер-жерлерде иш жүргүзмөкчү.
Сооронкулов Гамал Умарович, «ЭкоМиР» КФнын аймактык директору:
«Биздин долбоор биологиялык ар түрдүүлүккө ээ жаратылышы бар Баткен областынын негизги районунан башталат. Биз жергиликтүү калк жана бийлик менен макулдашууга өзгөчө көңүл бурабыз, анткени мындай уникалдуу аймактарды сактоодогу алардын ролунун маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Биздин максатыбыз – бир гана жергиликтүү калкка кызмат өтөбөстөн, табият жана анын байлыгы тууралуу билимдерибизди кеңейтүүгө жардам берген келечектеги илимий изилдөөлөрдүн объектилери боло турган микрокоруктарды уюштуруу.»
“Биз эрозия менен күрөшүп, токойлорду калыбына келтирип, жээктерди чыңдап келебиз. Биз жергиликтүү эл менен иш алып барабыз, жана учурда алар сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган программага катышуу менен долбоорго да активдүү катышып жатышат. Бизде мисте, бадам жана өсүмдүктөрдүн башка түрлөрүн кошкондо, уникалдуу флорабыз бар. Мындан тышкары, көчөттөрдү өстүрүүчү питомниктерди уюштуруп, аларды жергиликтүү калк ичинде жайылтып келебиз. Бул аймактар микрокоруктарды түзүү үчүн потенциалдуу кызыгуу жаратат. Долбоордун алкагында биз алдыга карай илгерилөөгө жана жергиликтүү эл менен бак-дарактарды отургузуп, токойлорду калыбына келтирүүгө даярбыз.»
Долбоор Сейрек жаныбарларды жана уникалдуу жаратылыш аймактарын сактап калуу боюнча «Борбор Азия тоолуу аймагында биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу» Борбор Азия программасынын алкагында «Лидер» атуулдук демилгелер борбору» коомдук бирикмеси (Ысык-Көл обл., Каракол ш.) тарабынан ишке ашырылууда жана Франциянын өнүктүрүү, уюштуруу боюнча Conservation International агенттигинин, Европа Бирлигинин, Глобалдык экологиялык фонддун, Япония өкмөтүнүн, Джон Д. фондунун жана Дүйнөлүк банктын биргелешкен демилгеси болуп эсептелген Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактарын сактоо боюнча өнөктөштүк фонду (CEPF) тарабынан каржыланууда.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Банур Абдиева, долбоордун менеджери
+996 772 203 949