24-март күнү Болот Алаков атындагы орто мектебинде 1-“а” классы «Алиппе» майрамын өткөрүштү.
.
Майрамга ата-энелер, окуучулар, мугалимдер катышышты. Зал көрүүчүлөргө толуп, майрам эң жакшы деңгээлде өттү. Башталышын заманбап слайд менен башташты. 1-“а” классынын окуучусу Эрмеков Азирет «Алиппе» майрамы эн сонун өткөнүн билдирди:
«Алиппе» майрамы абдан жакты. Бийледик, ырдадык көп бийлерге катыштым. Бизге буларды эжейибиз уйрөттү. Алиппеден эжейим жазганды, шар окуганды, ырдаганды, тамгаларды жана башка көптөгөн жакшы тарбияларын берди.
Эрмеков Азиреттин апасы Черикбаева Турсунай баласына формаларды өз колу менен тигип бергенин айтты:
«Алиппе» майрамы абдан жакшы өттү. Менин уулум ырларды бат эле жаттап алды. Уулума аюунун кебин , лезгинка , кыргыз бийлеринин формасын тигип бердим. Калган формалары өзүнүкү жетиштүү.
1-“а” классынын класс жетекчиси Ташкенбаева Дүйшакан Исаевна «Алиппе» майрамына эң жакшы даярдык менен келгенин кабарчыбыз Кылымбек Кулукеевге айтып берди:
«Алиппе» майрамы 1-класстардын эң алгачкы жолу эл алдына таланттарын көргөзүшү жана эң унутулгус күндөрүнүн бири. Бул «Алиппе» майрамына даярданууда мугалимдин түйшүгү зор. Анткени, балдар көп нерсени ар тараптан жетишкендиги баяндалат. Алиппеден биз эмнени билсек ошонун баарын баяндаганга аракет кылдык. Мында балдарым көп деле кыйналышкан жок. Анткени балдарымдын билими, өзүлөрүнүн алып жүрүүсү тың. Балдарым эн биринчи жолу элдин алдында өзүлөрүн көргөзүп жатышат. Өзулөрүнүн ата-энелерин, бир туугандарын көрүп балдарым абдан толкунданганын жана ошондой эле кубанычтуу жүздөрүн байкадым.
1-“а” классынын класс жетекчиси Ташкенбаева Дүйшакан Исаевна окуучуларынын билим деңгээли боюнча «Диплом» менен сыйлады.
Даярдагандар: Кулукеев Кылымбек;
Маратова Саламатнур;
Үмүтай Аттокурова.