
Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Мырзалиев Бакы чакан мал ѳстүрүү фермасын ачты.
Өз кесибин суйгѳн фермер жылкы, уй , кой жада калса жапайы топоз да бакканын , аларга жем чөбүнүн баарын ѳзү даярдагандыгын билдирди:

Малды ѳстүрѳлү, ѳндүрөлү дедик. Санына карабай, сапатына карап «Асыл тукум» жылкыларды алып келип ѳстүрѳлү деп жатабыз. Кѳп эле каражат сарпталды. Жем, чѳбүн Чуйгѳ айдадык, айылга айдадык , ѳзубуз даярдап, ѳзүбүз чаап алып жатабыз. Жемди ѳзүбүз кытайдын жем туурагычы менен тартабыз, аны сатып алганбыз. Кунуно 300 кг арпа жешет. Базардан арыгын алып келебиз. Семиртип кайра базарга алып барып , элге союп сатабыз, кѳпчүлүгүн элге жардам берип жатабыз.

Бакы Мырзалиевдин уулу Тѳштук Мырзалиев кабарчыбыз Үмүтай Аттокуровага эмгектенсе баары болоорун айтты:

Болгону аракет кылдык, эмгектендик, иштедик баарын ѳзубуз салдык. Атамдан кийин улантайын деген тилегим чоң. Дагы мал-жанды кѳбѳйтүп байлап, союп сатканга аракет кылып жатабыз. Шаардан да эт базарын ачайын деген да оюм бар.

Меймандос фермердин үй-булѳсу кабарчыларды «Асыл тукум» атка мингизүүдѳн баш тартышкан жок.

Даярдагандар: Кылымбек Кулукеев
Үмүтай Аттокурова
Дастан Акатов