Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас» таануу сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пионер айылдарынын жаш манасчылары келишип күч сынашышты.

Учкун айылынын окуучулары «Улуу Баян деген ат менен мурунку жылы «Манас Таанууга» барышып областыкка чейин жолдомо алып, экинчи орунду багындырышкан. Мунусунда өрөөндүктөн Учкундун «Нур Баян» тобу биринчиликти багындырды.

Кагаз кармоо менен Учкундун жана Куланактын окуучулары бетешишти. Пионердин атаандаштары жок болгондугуна байланыштуу калыстар тобу атаандаштын ордуна суроо берип жатты.

Куланак айылынын тобунун аты «Айчүрөк», Пионердики «Асаба», Учкундуку «Нур Баян» болду.
Жеңишке жетишкен «Нур Баян» тобунун топ башчысы Айдай Темирбекова мелдештен утаарына ишенгенин айтат. Анткени баарын тынбай окуп, сүрөтөлүштөрдү жаттап, алдын ала даярдык көргөнүн айтат.
«Улуу Баян» тобун «Нур Баян» кылып андан ары улап райондон да областан да өтсөк деген тилегим бар. Буюрса дагы жакшы жетишкендиктер менен келебиз деген ойдомун», — дейт Айдай Темирбекова.
Кээ бир окуучулар жооп берип жатканда сүрдөшүп, жоопторун унутуп калып жатышты.

Сынак аяктаган соң Учкун 50 упай, Куланак 31 упай, ал эми Пионердики 22 упай болду.
Мектеп парламентиндеги окуучулар келгендерге «Манас Таануу» аяктаган соң дасторкон жазып коноктошту.
Ошентип жеңишке жетишкен «Нур Баян» тобу районго жолдомо алып сүйүнүп турган чактары.
Даярдаган: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн