Токтоян айылында жазгы тазалоо иштери жүрүп жатат. Айыл тургундары өз конуштарын тазалап, айылды көркүнө чыгарууда.

Биология мугалими Муканбетова Элмиранын айтуусу боюнча, жазгы тазалоодо айлана-чөйрө тазаланып, адамдардын ден-соолугуна пайда келтирет.
“Кыштата топтолгон чириндилер, таштандылар тазаланып, айлана-чөйрөдөгү микроорганизмден, курт-кумурскалардан жана башка таштандылардан тазаланат. Жазгы тазалоонун негизги зыяны бул кургабаган жалбырактарды, пластикалык бөтөлкөлөрдү, целлофандарды өрттөө абдан зыян. Булар атмосферага жана адамдардын дем алуу органдарына да зыян алып келет. Бул түтүндүн натыйжасында ар кандай аллергия оорулары пайда болуп жатканы белгилүү болду. Пластикалык же синтетикалык нерселерди өртөбөстөн аларды жерге чукурларга көмүш керек. Ал эми жалбыракты өртөбөстөн майдалап, айдоо аянтына же өздөрүнүн огородоруна жер семирткич кылып, пайдаланса жакшы болот”, — дейт биология мугалими.
Айыл тургуну Бурул Орозбакованын айтуусу боюнча айлана-чөйрөнү тазалоо бул жаратылышты көркүнө чыгаруу болуп эсептелинет. Андан тышкары өзүбүздүн ден-соолугубузга пайдалуу деп билдирди.

Даярдагандар: Нурпери Нуркасым кызы, Малика Турдубекова.
Сынак үчүн