Токтоян айылынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) январь айынан тарта даярданып жатышат.
Окуучуларды тестке даярдап жаткан агайлардын бири Калык Албанов окуу жылы башталгандан тартып балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтып өттү.

“Окуу жылы башталганда ата-энелер жыйынын өткөргөнбүз. Ал жыйында окуучулар кайсыл жерге барып, кайсыл жерде окуусу боюнча суйлөшүүлөр жүргөн. Секом тарабынан уюуштурулган окуу жайларга барып ЖРТга даярдык көрүп жатышат. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бардыгы тестке катышууга милдеттүү. Азыркы учурда Караколдо 3 окуучубуз Секомдо окуп, даярданып жатышат. Мен бул окуучулардан келечекте жакшы кесиптин ээси болуп, бизди кубандырат деп үмүттөнөм”, — деп айтты Албанов.
Бүтүрүүчүлөрдүн бири Элмира Бакыт кызы ЖРТга жакшы даярданып жаткандыгын айтты.
“Биз ЖРТга абдан жакшы даярданып жатабыз. Мектепке атайын саат 14:00 келип алгебра жана кыргыз тил сабактарынан кружок өтүүдөбүз. Мен кесипти өзүм тандадым. Келечекте медайым болууну кыялданам жана ал максатыма жетүү үчүн колумдан келишинче аракет кылып, дагы-дагы көп маалыматтарды билүүгө умтулам”, — деген оюн билдирди Элмира Бакыт кызы.
11-классынын окуучусу Кемел Эмил уулу төмөндөгүлөрдү баяндап берди.
“Менин келечекте көптөгөн алдыга койгон максаттарым бар. Ата-энемдин жардамы менен эколог кесибин тандадым. Ал эми кошумча тестке биология сабагын тандадым. Мен ата-энемди, мугалимдеримди уят кылбай өз кесибимди жигердүү алып кете алам деп ойлойм”, — деди Эмил уулу.
Даярдагандар: Мундукова Адилия, Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн