Токтоян айылынын тургундарынын көбү сууга акча төлөбөй жатат. Алардын көбү 2-3 жылдан бери төлөбөгөн адамдар. Ушунун кесепетинен суу сактагычка сакчы койгонго каражат жетишпейт.
Токтоян айылынын таза суу чарбасында эмгектенген Нурдин Молдагазиев айылдын тургундары таза суунун акчасын беришпегендиктен акча жетишпей суу сактагычка сакчы коюлбай жаткандыгын төмөндөгүчө айтты.
“Мен сууда бухгалтер болуп иштейм. Биздин төрагабыз Темир Жумалиев. Бизде төрт штат бар. Биз бир бухгалтер эки сантехник жана бир төрага бир сакчыбыз бар. Эртең менен саат 9да агызабыз. Болжол менен 150 куб суу агызылат. Дагы болжолду түрдө бир жаранга 100 литр суу сарпталат. Азыркы кезде адамдардын көбү үйүнүн ичине суу киргизгендиктен биз айыл тургундардын баардыгына 24 саат бою сууну агызып бере албайбыз. Суу хлорлонбойт, себеби хлорлор абдан кымбат, каражат жетишпейт. Биз болсо суу чыккан турбаларды хлор менен тазалап, ичин актап коюбуз. Суу сактагыч жерге сакчы коёлу десек каражат жетишпейт, анткени адамдардын таза сууга акча төлөшпөй 2-3 жылдан берки сууга акча төлөбөгөн адамдардын карызы 6000 чейин жетет. Суу сактаган жердеги үйдүн терезелерин малга барган балдар сындырып салышууда. Ал терезелерди 6 миңге эки катар кылып салганбыз. Ушинтип сууга акча төлөбөй айыл тургундары кете берсе суу запасы түгөнүп калуу коркунучта”, — дейт Молдагазиев.
Суу чарба бөлүмүндө сантехник болуп иштеген Мухтар Атантаев суу күнүнө 10 сааттан ашык берилип тураарын айтат.

“Бизде эки сантехник бар, бузулган калонкаларды оңдоп турабыз андан тышкары сууну эртең менен ачып кечинде жабабыз. Эртең мененки саат 7:30 ачып, кайра кечки саат 7де жабабыз”, — дейт сантехник Атантаев.
Даярдагандар: Нурпери Нуркасым кызы, Малика Турдубекова.
Сынак үчүн