Токтоян айылынын тургуну Алымбек Байгашкайев Ашырбай Коёнкөзов атындагы №18 Токтоян орто мектебинин мугалими. Ал мугалимдик кесиптен тышкары ыр жазуу менен алектенет.
Алардын бири Токтоян деген ыр обонго салынып ырдалып чыкты.
Токтоян айылынын акыны, кыргыз тилчи мугалим Байгашкаев Алымбек туулган жерине арнап ыр жазып, өзүнүн салымын айылга кошкусу келген.

“Туулган жердин баркына жетүү чоң сыймык. Анан менда сулуулугуна, ыйыктыгына кичинекей болсо да салымымды кошоюн деген бала кезден бери көкүрөктөгү ыйык сезим бар эле. Бул ырды жазганыма анча-мынча мезгил өттү. Биздин айылда кечелерде ырдап аткарып жүрөт. 4-5 жыл болуп калды бул ыр биздин айылыбыздын да кичинекей жүзүн көрсөтүп турат. Мен үчүн бул чоң сыймык. Бул ырды бир жумада толук кагазга түшүрдүм”, — деп баяндады Байгашкаев.
Токтоян айылынын тургуну Майрамбек Асаналиев бул ырды мен көп жылдан бери ырдап, ийгиликтерге жетишкендигин төмөнчө айтып берди.
”Бул ырдын сөзүн агайыбыз жазганына көп жыл болгон. 2012-жылы обонун өзүм чыгаргам. Андан кийин ошол ыр биринчи жолу ыр кеседе ырдалды. Айыл өкмөт тарабынан ырдалып чыккан, андан кийин биринчи тушоо кесүүдө Санташ айылында ыр кеседе ырдап чыканбыз, ошондон бери ырдап жүрөбүз. Бул ыр менен биз көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, биз райондон гран при утуп алганбыз”, — деди Асаналиев.
Нурланова Гүлдана 8-класстын окуучусу, ал агай жөнүндө өз оюн билдирди.

“Бизге Алымбек агай жалпак, жатык түшүнүктүү тил менен сабак өтөт.Агай китептин тили менен эмес өз сөзү менен түшүндүрөт. Мен Токтоян деген ырды көп жолу уктум. Ал өзүнүн жазган ырларын сабак учурунда окуп берет. Мисалга ала кетсек А.Осмонов тууралуу жазган ырлары бар. Түп калаасы жөнүндө да жазган”, — дейт ал.
Даярдаган: Мадина Кеңешова, Темирлан Кыдыров
Сынак үчүн