«Тарых жана маданият жылына» карата аймактардан атайын сүрөт багытындагы сынак уюштурулуп жатат. Анын максаты — ата-бабалардын калтырган мурасын жана салт-санаасын кагаз бетине түшүрүү.
Сүрөт сабагынын мугалими Намыс Эгембердиев конкурс боюнча төмөндөгүлөрдү баяндады.
“Бул конкурс жалпы эл агартуу жана билим берүү министрлиги тарабынан тапшырма берилген. Быйыл тарых жана маданият жылы деп Алмазбек Атамбаев белгилеген үчүн маданиятка жана тарыхка ылайыктуу сүрөттөр тартылып жатат. Конкурска шыгы бар өздөрү кызыккан окуучулар катышып жатат. Биз эч кимди мажбурлабастан, кызыккан окуучуларды катыштырып жатабыз. 5-класстан 8-класска чейинки окуучулар өз таланттарын көрсөтүшүүдө», — деген оюн билдирди Эгембердиев.
Конкурска катышып жаткан 8-классынын окуучусу Наргиза Орозгулова өз ою менен бөлүштү.
“Мен “Манас” эпосундагы эки балбандын салгылашып жатканын тартып жатам. Бул сүрөттү тартууга көп деле аспаптар колдонулбайт. Болгону гана кыл калемдин жана боёктун жардамы менен сүрөттү өз көркүнө чыгарып жатам», — деди Наргиза.
Конкурстун дагы бир катышуучусу Жасмина Айбек кызы сүрөттү атасы тарткандыктан ал да кызыгып тартып калгандыгын айтып берди.
“Атам тартып жаткан кезде абдан кызыгып сүрөт тарткым келчү. Бул тилегим орундалып окууга киргенден баштап сүрөт тартып келем. Конкурска жалпысынан 7-8 окуучу 2-3 күндөн бери даярданып жатабыз. Даярдыктар абдан жакшы. Биз тарткан сүрөттөрдүн ичинен эң жакшылары тандалып районго алып барылат”, — деди Жасмина.
Даярдагандар: Мундукова Адилия, Нуриса Максат кызы.
Сынак үчүн