Токтоян айылындагы №18 жалпы орто билим берүү мектебинде англис тил сабагынан кружок өткөрүлүп жатат. Кружокко мектептин каалаган окуучулары катышып алар, англис тилин өздөштүрүп, тилди жакшы үйрөнүшүп билимин дагы тереңдетип жатышат.
Гүлназ Садырбекова мектептин сабактарынан сырткары бир аз болсо дагы балдарга сабагынан сырткары кошумча жардам берейин деп жаткандыгын айтты.
“Негизи өзүмдүн кесибим тарыхчы жана англис тилчи, мектепте иштейин десем тилекке каршы бош орун жок экен. Бул кружоко 3-класстан баштап жогорку класска чейин өздөрүнүн каалосу боюнча катышып жатышат. Айлык акысын болсо ар бир окуучу айына 200 сомдон төлөшөт”, — деди Садырбекова.
4-класстын окуучусу Нуркыз Бектурова кружокко катышкандан бери көп нерселерди өздөштүрүп үйрөндүм дейт.
“Бул кружоктон окуганды, жазганды, которгонду, сөздүк менен иштегенди жакшы үйрөндүм. Мен февралдан баштап катыша баштадым. Менин келечектеги ойлорум Америкага барып окуу”, — дейт Нуркыз Бектурова
Таалайбеков Абуясин өзү кичине болсо дагы келечекке койгон максаттары кенен. Дүйнө жүзүн кыдырып окумуштуу же саякатчы болсом дейт.
“Мен көп мамлекеттерге баргым келет. Ошондуктан көп тил билиш керек деп ойлойм. Кружокко катышып жатканымдын бирден бир себеби да ошол. Биз сабактан тышкары дагы көптөгөн нерселерди үйрөндүк, дагы да буюрса үйрөнөбүз деген оюм бар”, — деген ою менен бөлүшө кетти 4-класстын окуучусу.
7-класстын окуучусу Айдай Абдынакова айтуусунда англис тил мугалими жетишсиз болгондуктан бул тилди үйрөнө албай калам деп ойлонуп жүргөнүн, эми ийрим ачылып, ал жерде билим алып жатканын айтат.
“Биз кружоктон жаңы тамга жаттап баштаган кезден бери кайта баарын башынан кайталап, билбеген нерселердин көбүн үйрөнө баштадык. Айына 200 сом болгонуна карабай кененирээк, көп нерселерди үйрөнөйүн деп катышып жатам. Мындай кружоктор дагы көп-көп болуп турса деген ойлорум бар”, — дейт Айдай.
Даярдаган: Мадина Кеңешова
Сынак үчүн