Түп районундагы Тасма айылында Нооруз майрамын белгиленди. 21-22сине тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт. Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата-бабаларыбыз жыл эсеби башталган улуу күндү Нооруз деп атап, аны жаңы жыл, жаңы күн деп белгилешкен.

Нооруз майрамы жөнүндө Гүлжамал Байсалова буларды айтат.
«Бул күнү кыргыздар арча түтөтүп үй ичин жана короо-жайын аласташкан: Алас, алас! Ар балээден калас! эски жыл кетти, жаңы жыл келди. Жер жарылып чөп чык, желин айрылып сүт чык! деп тилек кылышкан. Ноорузда дасторконго жети түрдүү даамдан турган тамактарды коюшкан», — дейт айыл тургуну Гүлжамал Байсалова.
Жылына тууган уруктар биргелешип майрамдык тамак аш уюштурабыз деп билдирди Асел Байсариева.
«21-март Нооруз майрамына карата бир тууган уруктар ынтымакта майрамдап жатышат. Улуттук бозо, сүмөлөк, тамак-аштары жасалды. Кыргыздын улуттук суусундугу жакшы дамдуу жасалды», — дейт Асел Байсариева.

Даярдаган: Сауле Асанакунова, Нурайым Асанакунова
Сынак үчүн
АА