Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын спорт залы 2016-жылдан бери бүтпөй келет. Тендерден утуп алган компания бюджеттен акча толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш аягына чыкпай калганын билдирет.

«Нарынталдык» курулуш башкармалыгы тарабынан 2015-жылы конкурс жарыяланып, «Эм Эс Билдинг» компаниясы тендерден утуп чыккан.
Спорт залдын фундаментине, кирпичтерине жана спорт залдын чатырын жапканга, бюджеттен 7 млн сом акча бөлүнүп калган этаптарына акча которулган эмес. 2015-2016-жылдары курулуш иштеп келген. 2017-жылдан баштап бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн курулуш токтогон.

Аталган компания спорт залдын дубалдарын тургузуп, андан соң көп өтпөй ишин токтоткон, азыр 3-жылдан бери курулбай токтоп турат. Кош-Дөбө айылында такыр эле дене тарбия сабагын өтүүчү зал жок болгондугуна байланыштуу кышында балдар көп оорушат.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Курманалиев спорт залды бүтүрүп бергиле деп бардык жерлерге кайрылганын, бирок бирдей эле жооп алып жаткандыгын айтты:
“Бул тендер мамлекет тарабынан спорт зал салганга тендер жарыяланган. Ошол тендерден «Эм Эс Билдинг» компаниясы утуп чыгып, 2015-2016-жылы бүтмөк, планга ушундай кирген. 2015-жылы 7 млн сомго 40% бүткөн, негизи 18 млн сомго сметасы түзүлгөн, ошол кезде. Анан азыр вентиляциянын негизинде 18 млн сом болсо, 11 млн бөлүнүп бүтүш керек болчу, азыр вентиляциянын негизинде 13 млн сом бөлүнөт деген. Аны Госстройдо мамлекеттик курулуш агенттигинде акча бөлүнгөн деп кат келген бизге, быйылкы жылы бүтөт деп, анан азыр акча бөлүнбөй жатат. Капиталдык салымдарда акча жок кыйналып атабыз. Биздин айылдын спорт залы такыр эле жок, буга чейин кышы- жайы эшикке өтүлөт дене тарбия сабагы. Биздин айыл негизи чоң айыл, 4 миңден ашык калк жашайт, ушундай чоң айылда спорт залдын жоктугу өкүнүчтүү. Окуучуларыбыз ооруп калган учурлар дагы болот, кышында суук тийип. Биздин айыл деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте турабыз. Эгин бышпайт, кыш 7 айга созулат. Бизге мурда 2 жылда бүтөт деген, азыр мына 4 жыл болду эмгиче бүтпөй турат. Буга чейин бардык кайрылчу жерлердин баарына кайрылдык, Жогорку Кеңешке, райондук администрацияга, облустук администрацияга кайрылдык, баарынан бир эле жооп алдык”, -дейт айыл башчы.

Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин диретору Жайнак Тобокелов азыр балдар кичинекей эле баскетбол аянтчага ойношот деди:
“Биздин мекепте жалпы 940 бала окуйт. Дене тарбия сабагын өткөнгө бизде эч мүмкүнчүлүк жок. Бул спорт залдын курулуш иши токтоп турганына 3-4 жыл болуп калды, спорт зал курулуп баштаган, бюджеттен акча бөлүнбөй атып токтоп калды. ”Эм Эс Билдинг” компаниясы биздин айылдан башка дагы Ак-Талаа районунун өзүнө мектеп куруп жаткан, ал дагы токтоду. Бизде спорт зал такыр эле жок болчу, ачык эле футболный аянтчага ойношчу, ошонун ордуна спорт зал салынып аткан, азыр ал дагы токтоп калды, балдар жайы- кышы дебей кичинекей баскетбол аянтчасына ойноп жатышат, тыгылып. Мен бул мектепке директор болгонума аз эле убакыт болду, анан менин билишимче, ошол компания тендерден утуп чыкканда бюджеттен акча бөлунбөй өзүлөрүнүн акчасына курушкан, азыр ошол акчасын дагы ала албай жатышат».
«Эм Эс Билдинг» компаниясынын жетекчиси менен байланышканыбызда буларга токтолду:
«Негизи бул объект 2015-жылы жай айларында Нарын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган, ошол тендерден биздин компания утуп чыккан. Бул компания утуп чыканда эле ишти баштаганбыз, биринчи этабына 5 млн сом бөлүнгөн. Бул спорт зал 2015-жылы башталса, 2016-жылдын аягына чейин бүтүрүп бермекпиз план боюнча. Андан бери аз-аздан акча бөлүнүп отуруп, 2017-жылга чейин 7 млн сом бөлүндү. Келишим боюнча бул объект 20 млн сомдук объект болчу, нары жакта дагы 13 млн сом бөлүнүш керек. Биз кайрылчу жерлерге кайрылдык, бирок бюджетте акча жок деп эле такалып калып атат», -деп түшүндүрдү фирманын жетекчиси Мурадил Сыдыков.
«Кышында эки класс сүзүшүп калып сабак өткөндө кыйынчылыктар көп болот»
«Биздин айылда спорт зал башынан эле жок, сабактарды эшикке өтөбүз. Аянтча дагы аябай тар, балдар ойногондо, норматив тапшырганда кыйынчылыктар болот. Балдардын чейрек бааларын норматив менен чыгарабыз, кышында дагы чуркап норматив тапшырганга туура келет. Жумасына ар бир класска экиден саат бөлүнөт, майда класстарга дагы ошондой саат бөлүнөт, анан сабак кичинекей эле аянтчага өтүлсө, эки класс сүзүшүп өтүп калабыз, балдар батпай калат», -дейт дене тарбия мугалими Ишенбек Токон уулу.

«Спорт залдын жоктугунан улам балдарыбыз жазында, жаан жааганда буттары суу болуп келет үйгө»
Урматбек Шеримбековдун бир баласы бар, ал айылдагы бирден бир көйгөйү болуп келген мектепте балдар ойноочу спорт залдын жоктугунан улам, жазында кар эригенде, күн жааганда, баласынын буту суу болуп, баласы көп оорурун билдирди.
«Биздин айылда спорт зал жок үчүн балдарыбыз аябай кыйналат. Нарын облусу тоолуу аймак болгондуктан, кар да аябай көп жаайт. Кышында дене тарбия сабагын эшикке өтүп, буттары кар болуп суу болуп калат. Кышкысын көп оорушат балдар. Буга чейин айыл тургундары эч кимге кайрылган эмеспиз, спорт залды бүтүрүп бергиле деп. Курулушту эрте бүтүрүп беришсе, тургундарга, мектеп окуучуларга аябай жакшы болмок эле» -дейт айыл тургуну.

«Күнүнө жок дегенде эле бизге ондон кем эмес бала келет»
Мектептин спорт залынын курулуш иши көптөн бери токтоп турат. Кышында балдарды дене тарбия мугалимдери эшикке сабак өтүшөт. Анан кийин өспүрүм курактагы балдар муздак аба менен деп алышат. Нарында кышында 40 градуска чейин суук болот, тамак оору жана өпкө оорулары менен көп келишет, күнүнө жок дегенде эле ондон кем эмес бала келет бизге, аларды дарылап чыгарып, справка жазып беребиз. Кайра эле мектепке барып, дене тарбияга чыгып, муздак абага анан экинчиси хроничиский болуп кетет, биздин дене- тарбия мугалимдерине айтканга укугубуз жок да, балдарды эшикке алып чыкпагыла деп. Бөйрөк оорусу менен дагы көп келишет, тамандан сыз өтүп, бирок, айрыкча тамак оору жана өпкө оорулары менен келишет»,- дейт аталган айылдын ооруканасынын башчысы Татина Кайыпбердиева.
Даярдаган: Дилде Шатанова
«Мыкты макала сынагы үчүн»