Быйыл Баткен облусунун Кошбулак поселкалык аймагында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө. Себеби Президент Атамбаев Алмазбек 2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялаган. «Ал эми биз бул жарлыкты «Улуттук экономиканы чыңдоо айылдан башталат»- деп демилге көтөрүп, өз коомубузду өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайлы деп чечтик», деди аймактын башчысы Сапаркулов Бакыт.
Максаттарга жетүү үчүн өнүгүүнүн стратегиялык планына кошо тактикаларды иштеп чыгуу учурунда теориялык билимди жана мамлекеттик эмес уюмдардын методикасын, көмүр өндүрүүчү ишканалардын дасыккан инженерлеринин тажрыйбасын кеңири колдондук. Буйруса форс мажордук абал эле болбосо жыйынтыгы жакшы натыйжаларды берет. Кошбулакта 12 улуттун өкүлү отурукташкандыктан ишти биринчи коомчулукту социалдык жактан интеграциялоо менен баштадык анткени максатка жетүү үчүн коомчулуктун колдоосу зор болуусу керек. Бул багыттагы кадамдарыбыздын бири бул Нооруз майрамынын белгилениши болду»-дейт аймактын башчысы Бакытбек мырза.
Кабарчы: Гульмира Садридин кызы.