«Сүмөлөктү өндүрүүдө күздүк буудайдан 40%, жаздык буудайдан 60% өлчөмдө алып, экөөнү эки башка өндүрсө жакшы болот. Күздүк буудай даамы жакшы болсун үчүн, жаздык буудай сапаты жакшы болсун үчүн деп кошулат. Өнгөндөн кийин экөөнү эт майдалагыч менен майдалап, аралаштырып, маңызын казанга салат. Андан кийин ун кошулат. Ундун 80% жогорку сорт, 20% тегирмен уну болсо жакшы болот»- дейт сүмөлөктүн чебери Гапарова Зияда эже.
Кабарчы Анварбек Тухтаров