Кошбулакта жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен өткөрүлүүчү шайлоонун жаңы ыкмасы, колдонулуп көрүлүп текшерүүдөн өтөт.
Текшерүү 30-июль күнү саат 10-00 дөн баштап бир эле мезгилде Кошбулактын №8042 «Кошбулак», №8044 «Пед Колледж» жана №8045 «7-орто мектеп» шайлоо участкаларында өткөрүлмөкчү. Бул жаңы ыкманы өздөштүрүү үчүн ар бир шайлоо участкасына 100-120 чамасындагы жергиликтүү тургундар чакырылды, бир эле учурда шайлоо комиссиясынын даярдыгы, жаңы ыкма боюнча колдонулуучу жабдуу сыналып, шайлоочулардын тизмеси такталат жана шайлоочулар үчүн көндүмдөр да калыптандырылат.
«Азыр жаңы ыкманы сынап көрүү үчүн ар бир шайлоо участкасынан жаш шайлоочулардын арасынан ыктыярчылардын тизмесин тактап жатабыз. Негизинен эле ким кааласа келип таанышып, катышып, өзү жөнүндө маалыматтарды билгенге укуктуу»- дейт Кошбулак поселкалык аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.
Кабарчы: М. Исканов