“Компаньон” ФККсынын Нарын филиалы быйыл Нарын облусунун аймагында ачылган 4 жайлоо бала бакчасына колдоо көрсөттү.
Алар Ат-Башы районунун Босого жайлоосундагы Баш-Кайыңды, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы “Эдельвейс” бала бакчалары. Ал эми Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосунда “Терекке береке”, “Тынчтык” жайлоо бала бакчалары жаңы ачылып, балдар үчүн оюнчуктар, жаш курактарына ылайык окуу куралдары берилди.
Бала бакчанын ачылышына Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Ж.Мамбетова, “Компаньондун” Нарын филиалынын менеджери А.Джакеева, райондук билим берүү бөлүмүнүн, жайыт комитетинин өкүлдөрү жана жайлоодогу чабандар катышты. Келген өкүлдөр балдар үчүн ачылган мындай жайлар турмуш-шартка байланыштуу бала бакчаларга барбай калган балдарды мектепке даярдоо, башталгыч билим берүү максатында иш алып барарын баса белгилешип, белектерин тапшырышты.
Ал эми “Компаньондун” айыл чарба адистери А.Исираилов жана А.Мамбетов жайыт жерлерди башкаруу жана туура тамактануу боюнча трениг өтүштү. Жыйынтыгында А .Джакеева “Компаньон” Кыргызстандагы жамааттардын өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоону уланта берерин кошумчалады.
Даярдаган: Г.Мамытбекова