Табигый шарты катаал болгон, андан сырткары жер астындагы көмүрү казылып көптөгөн өндүрүштүк ишканалар жайгашкан Кошбулак аймактык башкармалыгына Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы полковник Альберт Тагаев, министрликтин тиешелүү адистери иш сапары менен келишти. Иш сапар учурунда жер кыртышынын абалына жер көчкүсү боюнча мониторинг жүзүлдү.
Ошондой эле ӨКМ тарабынан каржыланып аткарылып жаткан иштерди жеринде барып көрүп, кеп кеңешин берди. «Кошбулак аймактык башкармалыгы тарабынан коомчулукту мобилизациялоо менен куруп жаткан эки көпүрөнү Альберт Эргешович көрүп, ӨКМ тарабынан да жардам катары күйүүчү май, «габион» тору жана башка каражат сметага ылайык берилерин маалымдады жана мамлекетти эле карап олтурбай өздөрү да салым кошуп иш баштаган жергиликтүү тургундарга ыраазычылыгын билдирди»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркулов.
Кабарчы: Мусуратилла Исканов