Сүлүктү шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан «Сармерден» оюнуна бүгүн 8-апрель күнү шаардык ооруукананын дарыгерлеринен турган топ катышты. «Бардык көрүүчүлөрдүн купулу толуп, аябай ыраазы болуп кетишти. Көрсө дарыгерлер дарысы менен эле дарылабай, ыр-бийлери менен да дарылай алат экен»- деп тамаша менен сөзүн калыстар тобунун төрайымы Зымырат Карыбекова жыйынтыктады.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров