1-апрель күнү Кошбулакта акын Кудайбердиева Сабриниса Гапаровнанын 50-жылдык юбилейине кошо жаңы «Тарых тастыктаган издер» аттуу китебинин бет ачары болду. Буга чейин акындын «Жан дүйнө» аттуу китеби жана бир канча ырлары жарык көргөн.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү Абдилат Дооров, акын Мажит Жороев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, тарыхчы Маннан Жаныбеков, Сулей-Инфо газетасынын Баш Редактору Сулайманкул Жапаров ж.б. бир топ чыгаан таланттар катышып, кеченин катышуучуларына бир топ жакшы сөздөрүн айтып беришти. Кененирээк кийинки макалада окуңуздар.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров