Кошбулактагы №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын (мурдагы поликлиника) үстүнкү кабаттагы батирлерден түшкөн суу каптады.
Имаратка олуттуу зыян келген жок, бирок жакында жасалган косметикалык жасалгалоо иштери (косметический ремонт) жараксыз болуп калды. Буга ак халатчандар үстүнкү кабаттагы жашоочуларды күнөөлөп, шалакылык кылды, ваннасын жапай койсо керек деп ойлойт. Жашоочуларга кайрылып, аймактын комитетинин башчысы Буухал Табалдиевага кайрылганыбызда «Бул жерде жашоочулардын күнөөсү жок. Ансыз деле ванна толуп ашатурган суу келбейт. Окуя болгон учурда мен бардык батирлерди текшерип чыктым, кургак экен дароо ошол замат айыл өкмөткө да телефон чалдым, адистер келип менин сөзүмдү тактады. Кайра сууну ачтырып көргөнүбүздө 1- кабаттан 2- кабатка өткөн жердеги суу кууру жарылып темир-бетон плиталары аркылуу сырыгып поликлиникага (1-кабатка) куюлуп жатыптыр. Суу канал ишканасына акт түзүп бердик» дейт.