Жай мезгилинде турмуш-тиричиликте жашылча-жемиштер көбүрөк колдонулат. Айылдын тургундары Баетов айылындагы борбордук базардан соода-сатык кылышат. Базар баасы туруктуу болбой бирде арзан, бирде кымбат болуп турат. Бирок бир жумадан бери жашылча-жемиш баасы да арзандап, кардарлардын саны арбыды.
Мисалга алсак: помидор-70с, бадыраң-20с, капуста-25с, картошка-40с, Баклажан-100,пияз-35сом болсо, азыр бул баа 15-30 сомго чейин арзандады.
Базарда бир канча жылдан бери соода-сатык кылып, үй-бүлөсүн багып келаткан Кайыргул эже: “Жашылча-жемиштин баасы туруктуу болбойт. Бирок элдин чөнтөгүнө карап арзан сатканга аракет кылабыз.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка