Улуу Рамазан айында жеке Ишкер, шаардык Кеңештин депутаты Карабаев
Исманали Джумабаевич өзү туулуп өскөн Элмуратов айылынын жамаатына мечит куруп берди.
«Буга чейин айылда мечити жок болуп, өзгөчө рамазан айындагы «таравих» намазын окуганда жамаат кыйналып жүргөнбүз. Ак эткенде так эткен Элмуратов айылынын тургундарынын көктөн издегени жерден табылып, өзү Кошбулакта жашаса да туулган айылы үчүн мечит куруп берген Исманали инибизге чооң ыракмат»- дейт Элмуратов айылынын башчысы Нуржан аксакал.