Быйыл вакцинация кылууга мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнгөн эмес.мБирок ошого карабастан Ак-Талаа райондук ветеринария бөлүмүнүн адистери тарабынан койлорду күл, уйларды шарп, карасан ал эми иттерди жугуштуу кутурма, эхиноккоз ооруларына карата эмдөө жүргүзүлүүдө. Бул боюнча аталган мекеменин жетекчиси Д.Саткынов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө район боюнча 33729 кой-козу, 5860 ири мүйүз уй, 4700 ит вакцинациядан өткөрүлдү.
Эмдөөнүн максаты — малды жеринде дарылоо. Анткени жайытка чыгып кеткенден кийин мал ылаңдаса чыгым көп болот. Биз март айынан баштап айыл өкмөттөргө ар бир мал кармоочу адам же малчы малдарын милдеттүү түрдө малдарын вакцинациядан өткөрсүн деген көрсөтмө бергенбиз. Вакцинациядан өткөрбөгөндөр ветеринардык талапка ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Даярдаган: Адина Айылчиева, Калида Кубанычбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка