Чынара Добулбекова Таш-Көмүрдөгү шаардык китепкананын башчысы. Ал китепкананын башчысы болуп жакында эле дайындалды. Беш кишинин ичинен тандалып, башчы болду. Чынара мурда № 14 гимназияда орус тил жана адабият мугалими болуп иштеген. Анын педагогикалык стажы 17 жыл. Кичинекейинен эле орус тил мугалими болсом экен деп кыялданчу, ошондуктан университеттин орус тили факультетине тапшырган. Өзү тандап алган кесибин жактырат. Балдарды жакшы көрөт. Мүмкүнчүлүк болсо кайра да мектепке барууга даяр. Чынаранын ою боюнча, бул жаңы иши мектеп менен байланыштуу. Анткени мектеп менен китепкана бир тарапта иштейт- бул агартуу.
Жаңы ишинде Чынара шыр эле кыймылдуу ишке киришти. Ал калктын китеп окуу боюнча мониторинг жүргүзгөндө, 25-30% жаштар экенини анализ көрсөттү. Ал эми алардын 10-15% гана китепти дайыма окуйт. Шаарда болсо 6 китепкана иштейт: бирөө борбордук, экинчиси балдардыкы, төртөө борбордук китепкананын филиалы болуп эсептелет. Бай китепканалык фонддо 190 миң китептер бар.
Бул жердеги шаардык китепканага долбоор жазуу керек болду. Ал долбоор азыркы мезгилдин талабына жооп бергидей, жаштардын керектөөлөрүн канаттаандыларлык деңгээлге – жогорку технологиялык, заманбап, ар ким колдоно ала турган жана бекер болушу керек эле. Мындай долбоордун аркасы менен айылдык жаштар маалыматты алып, алмашууга шарт түзүп берүү зарыл. Жаш муун китепканага келип окуса, маалымат алса жана алган билимин өзүнө жана элге керектүү пайдалуу колдонсо кандай гана пайдалуу болмок. Көп өтпөй ушул ойду ишке ашырууга донор жана шерик уюм табылды. Ал Германиядагы эл аралык иш алып баруу мекемеси жана Бишкектин мериясы китепкананы электрондук форматка которушуп, долбоорду иш жүзүнө ашырып жатышат. Долбоордун суммасы 100000 сом.
Азыркы учурда долбоордун алкагында китепканада ремонт жүргүзүлдү. Керектүү буюмдар сатып алынды. Жакын арада айылдын жаштары электрондук китепкананы Wi-Fi мүмкүнчүлүгү менен колдоно алышат. Ал аркылуу өнүгүп-өскөнгө керектүү маалыматтарды алууга болот. Андан тышкары жаштар электрондук китепти окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Чынара Добулбекова өсүп келе жаткан муунду китеп окуу статусуна кайтып келүүсүнө ишенет жана жаштарды китеп окуу жаатында кызыктырууну каалайт. “Мен жаштарды китепканаларга бат-бат бааруусуна тилектешмин. Анткени китеп аркылуу кругозорду кеңейтүүгө, ошондой эле жамаатка пайда алып келүүгө болот. Албетте биздин бардык долбоорлор жаштардын келечеги үчүн”,- деп Чынара өзүнүн оюн билдирди.
Даярдаган: Айтурган Дозоева