Кошбулактын жергиликтүү тургундарынын ортосунда жайыт талаштан улам чыр-чатак чыкты. Бул окуя бүгүн «камчатка» айылынын ылдыйкы жагында «жер эгүүчүлөр» менен «мал багуучулардын» ортосунда чыкты. Талашка түшкөн жер «майтоңбос» жери. Бул жер Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнун жери үлүш жана жайыт жерлери болуп катталып калган. Бирок жер шартына байланыштуу Кулундулуктар колдоно албай буга чейин Кошбулактын «камчаткалыктары» мал жайып келген.
Эми кээ бир жарандар кошумча киреше табуу максатында үлүш жерлерди ижарага алып, жазгы талаа иштерин баштап, кароол коюп мал бактырбаганга аракет кылган. «Камчатка» тургундары ижарага алып жүргөн жайыт китебин көрсөтүп укугун талашып мал жайып колдоно берүү ниетин билдирген. Үч күндөн бери кайым айтышуу акыры топ-топ болуп жаатташууга айланган. Натыйжада аймактык тескөөчү милиционер А. Туркбаев кырдаалдын курчушуна жол бербей токтотуп, маселени тынчтык жол менен чечүү үчүн Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркуловго кайрылды. Жыйынга келген аймактын башчысы Лейлек районунун акими Т. Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, макулдашып бир бүтүмгө келгенден кийин «жер эккендерге» жана «мал баккандарга» мыйзам чегинде бөлүштүрүп берип, тиешелүү тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким шартты сактабаса катуу чара көрүлөрүн эскерткенден кийин эки тарап жарашып, ынтымакка келип таркап кетишти.
Окуяга баштан аяк күбө болгон жана маалыматты даярдаган: К. Кудаяров