24-январда “Кризистик коммуникация жамааттары” долбоорун ишке ашырып келе жаткан 5 өлкөнүн өкүлдөрү онлайн жолугушту.Онлайн конференцияда 5 мамлекеттин өкүлдөрү бири-бири менен тажрыйба алмашышты.
DW-Академиясынын колдоосунда Кыргызстан, Монголия, Молдова, Кения, Замбия өлкөлөрүндө “Кризистик коммуникация жамааттары”(ССС) долбоору ишке ашырылып келет.
Бул долбоор Кыргызстанда 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишке ашырылып баштаган.
Долбоордун алкагында Кочкор районунан 4 команда, Бишкек шаарынан 2 команда иштеп баштаган. Команданын курамында жамааттык медиа борборлордун жетекчилери, активисттер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү.
Учурда Кыргызстанда биринчи керектүү азык-түлүккө, буюмдарга баанын жогорулашы кризис жаратты. Долбоордун максаты жарандарга баа эмне үчүн өсүп жатат, кризистин себептерин түшүндүрө турган онлайн материал даярдоо аркылуу түшүндүрүү, жарандарга кризисти алдын алуу үчүн альтернативдүү чечимдерди сунуштоо жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
Учурда «Кризистик коммуникация жамааттары» долбоорунун алкагында kyrgyzmedia.kg сайтына 14 макала жарыяланды. Долбоор 2023-жылдын март айында жыйынтыкталат. Бишкек шаарында форум өткөрүлүп, материалдардын галлереясы уюштурулмакчы.