2-февралда Өзбекстандагы жаңы ачылып жаткан жамааттык медиалардын өкүлдөрү менен биргеликте онлайн жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун негизги максаты Кыргызстандагы ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышып, кыргызстандык жамааттык медианын жетекчилернинен пайдалуу кеңештерди алуу болду. Коңшу мамлекеттеги жамааттык медиалар жаңы болгонуна байланыштуу, Кыргызстандагы медиалардын мектептер, айыл өкмөттөр менен кызматташтыкта болгону аларды абдан кызыктырды. Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Джусупова уюмдун ишмердүүлүгү жана жалпы жамааттык медианын иштөө принциптери тууралуу айтып берди.
Жолугушууну Өзбекстандагы «Центр современной журналистики» уюму уюштурду жана алып барды.